Алмазбек Атамбаев "Кумтөр" боюнча өкмөттүн жаңы келишим долбоорун ЖКдан чакыртып алууга тапшырма бериптир
Өкмөттө бүгүн, 7-январда “Кумтөр” маселеси боюнча жыйын өтүүдө. Такталбаган маалыматка таянсак, ага өкмөт мүчөлөрү жана бир катар мекеме, ишканалардын башчылары катышып жатат. Эскерте кетсек, 6-январда президент Алмазбек Атамбаев “Кумтөрдү” иштетүү боюнча өкмөт Жогорку Кеңешке 23-декабрда сунуштаган келишим долбоорунда орой каталар бар экенин билдиргени айрым маалымат булактарында жарыяланган. Келишим өлкө кызыкчылыгына төп келбей турганын айткан президент аны Жогорку Кеңештен чакыртып алууну өкмөткө тапшырганы айтылган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

