Орусия Мамдумасы мыйзамсыз жүргөн мигранттарды өлкөдөн чыгаруудагы каражатты, жумуш берүүчү төлөй турган документти карап чыгат
Орусия Мамдумасы январь
айындагы биринчи окууда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды өлкөдөн чыгаруудагы каражатты, жумуш берүүчү төлөй турган документти карап чыгышат. Бул тууралуу 7-январда орусиялык
ММКлар жазып чыгышты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Мыйзамдын авторунун айтымында, уруксатсыз жүргөндөрдү өлкөдөн чыгарууга каражат федералдык казынадан бөлүнүп, сумма 30-40 миң рублду чапчыйт. Мыйзамда уруксатсыз жүргөн мигранттарды өз өлкөсүнө жөнөтүү үчүн жумуш берген тарапты акча төлөтүү жазылган.
Долбоорду
жазган депутат Александр Старовойтов федералдык казынанын планын аткарууга аталган мыйзам көмөктөшөрүн
айткан. Федералдык миграциялык кызматтын өкүлдөрү мыйзамсыз жүргөндөрдү өз өлкөсүнө
кайтаруу мигранттардын өздүк эсебинен алынып жатканын жана айрым учурларда гана
жолго каражатты төлөй албаса казынадан акча бөлүнөрүн айтышкан. Ошондой эле
жумуш берүүчүлөр тарабынан мыйзам бузулса жоопко тартуу керектигин
кошумчалашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

