super.kg logo

Владимир Зеленский Кремлге барган Словакиянын премьер-министрин катуу сынга алды

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Москвага баргандан кийин Словакиянын премьер-министри Роберт Фицону катуу сынга алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Фицонун орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусу орус газынын Украинанын аймагы аркылуу Европага транзити боюнча мөөнөтү бүтүп бараткан келишимдин фонунда өттү. Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш башталгандан бери Фицо Орусиянын баш калаасына келген Евробиримдиктин үчүнчү лидери болду. Буга чейин Орусияга Австриянын канцлери Карл Нехаммер жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан келген.

Мындан улам Зеленский Фицону Путинге өлкөсү менен согушту улантуу үчүн акча табууга жардам берип жатат деп айыптады.

Зеленский белгилегендей, Фицо менен Путин сүйлөшүүлөрдөн кийин коомчулукка биргелешкен билдирүү жасашкан эмес. Украин президентинин айтымында, муну менен алар жолугушууда эмнелер талкууланганы тууралуу ачык эч нерсе айта алышпайт жана коомдук реакциядан коркушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: