super.kg logo
  Саясат  

Ош. Шаардык кеңештин депутаты Шайлообек Атазовго козголгон кылмыш иши эртең облустук сотто каралат

 

Ош шаардык кеңешинин депутаты ("Улуттар биримдиги" фракциясы)  Шайлообек Атазовго козголгон кылмыш иши анын апелляциялык арызынын негизинде эртең, 8-январда облустук сотто каралат. Ага карата 2013-жылдын жаз айларында Ош шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон эле. Өткөн жылдын 29-ноябрында шаардык сот аталган ишти карап, судья Байымбек Орозов аны КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "бюджеттик каражатты максатсыз пайдаланган" беренеси боюнча айыптап, 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. 

Бүгүн, 7-январда Шайлообек Атазов жалпы элге төмөндөгүдөй кайрылуу жасады.

"Кадырлуу Мекендештер!

Ош шаарынын мэрин шайлоо жакындаган сайын борбордук бийлик Мелис Мырзакматовду колдогондорго карата репрессиялык саясат жүргүзүүдө. Сот, прокуратура жана укук коргоо органдарынын «Улуттар биримдиги" элдик партиясынан  Ош шаардык кеңешиндеги депутаттарына болгон кысым күндөн-күнгө күчөөдө.

Мага карата 2012-жылы  «Тазалык» ишканасын жетектеп турганда "бюджеттик каражатты максатсыз пайдаланган" деген айып тагылган. Тактап айтканда, 230 миң сом акча каражатын Соцфондго эмес, күйүүчү майларга жумшаган деп чыгышкан. Мен бул айыптарга кескин түрдө макул эмесмин. Себеби Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги №11 токтомунда берилген дотация акча каражаты, "Тазалык" ишканасына гранттык негизде, кайтарымсыз калк төлөбөгөн коомдук жайларды  тазалоодо кошумча жөлөк-пул катары пайдалунуу статьясы менен берилген. 

Ош шаардык кеңеши, тиешелүү мекемелер жана каржы башкармалыгы менин кыймыл аракетимде каржылык мыйзам бузуулар болбогондугун далилдеген. 

"Тазалык" ишканасын 2012-жылдын сентябрь айынан баштап мен жетектегем. Ал эми жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтер  апрель, май айларына тиешелүү экенин документтер тастыктаган. 

Эң негизгиси, КРнын Социалдык фонду жана шаардык каржы башкармалыгы тарабынан «Ош-Тазалык» ишканасына эч кандай доо арыз болгон эмес.

Мага каршы ачылган кылмыш иши менин жарандык көз карашымды эч качан өзгөртпөйт! Эң негизгиси чындыкты бурмалап жаткан сотко актангым келбейт! Мен Жараткандын алдында жана калкымдын алдында акмын!" деп айтылат кайрылууда.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 7-январда Ош шаарындагы 10 спорттук клуб да Шайлообек Атазовго карата козголгон кылмыш иши негизсиз экенин айтып кайрылуу жасашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: