Рахматулла Эгембердиевдин ордуна муфтийдин милдетин аткарууга Максат Токтомушев дайындалды
Максат ажы Токтомушев

Бүгүн, 7-январда Уламалардын кеңеши Рахматулла Эгембердиевдин орун басары Максат Токтомушевди муфтийдин милдетин аткарууга дайындады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматчысы Асан Саипов SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, атайын демилгечи топ Уламалардын кеңешинин кезексиз отурумун уюштурду. Анда аталган кеңештин 35 мүчөсүнөн 25и катышты. Келгендердин бардыгы Максат Токтомушевди муфтийдин милдетин аткарууга макулдугун берди. Ал эми муфтийди шайлоо 8-февралда мусулмандардын курултайында өткөрүлөт.
Эскерте кетсек, бүгүн Рахматулла Эгембердиев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

