Кыргызстан интернеттин ылдамдыгы боюнча дүйнөдө 81-орунда турат
"Ookla Speedtest" компаниясынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда интернеттин ылдамдыгы секундасына 8,45 мегабит. Мындай көрсөткүч менен Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде 81-орунду, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде 3-орунда турат. Дүйнө жүзү боюнча 1-орунду Гонгконг (68,99 мегабит), ал эми Борбордук Азияда Казакстан (13,93) ээлеп турат.
Эске салсак, 2010-жылы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку ылдамдыктагы интернетке ээ болгон Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде 52-орунду ээлеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

