super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Түштүк Кореянын мамлекет башчысына көңүл айтты 

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда Муан шаарындагы жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу Түштүк Кореянын президентинин милдетин аткаруучу Чхве Сан Мокуга көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

"Муан аэропортунда жүргүнчү учак кулап, анын кесепетинен адамдар каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам, ал эми жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм", - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Түштүк Кореяда бүгүн жергиликтүү убакыт саат 9:07де Бангкоктон учуп келе жаткан Боинг 737-800 учагы бортунда 181 киши менен Муан аэропортуна конуп жатып учуп-конуу тилкесин чыгып кетип, тосмону сүзүп алган.

Учакта 175 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгон. Жүргүнчүлөрдүн ичинен 173 адам Түштүк Кореянын, дагы экөө Таиланддын жарандары. Кыйраган учактагы 181 адамдын ичинен эки аял тирүү калды. Бири жүргүнчү, экинчиси экипаждын мүчөсү. Алар Мокихо шаарындагы ооруканага жеткирилгени айтылган. Учурда алардын абалы тууралуу маалымат жок.

Калган 179 адамдын баары каза болгону кабарланууда, бирок расмий тактала элек. Соңку маалыматтарга ылайык, 167 адам набыт болгону расмий тастыкталды. Калгандарынын тек-жайы такталууда






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: