super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан дүйнөдөгү мыкты туристтик өлкөлөрдүн рейтингинде 3-орунда жайгашты

 
Кыргызстан мыкты туристтик өлкөлөрдүн рейтингинде 3-орунга ээ болду. Бул тууралуу Globe Spots интернет-порталы жазып чыкты. 
Эксперттердин ою боюнча, өлкөнүн мындай тепкичке көтөрүлүшүнө анын 44 мамлекетте визасыз тартипти орноткондугу себеп болгон. 
Маалыматка таянсак, 2013-жылы Кыргызстанга 3 миллион 89 миң турист келген. Митинг, пикеттерге карабастан туристтер Ысык-Көлгө, Ала-Арча капчыгайына эс алганы көп келишет.  

Globe Spots интернет-порталынын рейтингинде 1-орунда Португалия, 2-орунда Мозамбик, 3-орунда Кыргызстан, андан кийинки орундарды Панама, Армения, Куба, Украина, Малави, Канада ээлеген. Таң калычтуусу, орусиялык жана кыргызстандык туристтер баалаган Түркиянын алдынкы 10 мыкты туристтик өлкөлөрдүн рейтингине кирбей калышы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: