Черногорияда кафедеги атышуудан 10 адам каза болду
Кечээ, 1-январда Черногориянын Цетине шаарында кафеге куралчан кирип барган жаран 10 кишини аткан, анын ичинде эки жаш бала бар. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, кол салуу алдында жергиликтүү тургун А.М. жабырлануучулардын бири менен уруша кетип, үйүнөн тапанча алып келген. Ал жерде кафенин ээсине кошуп бир нече адамды атып салган. Андан соң Хумци аймагына бет алып, кафенин ээсинин балдарын жана аялын атып, из жашырып кеткен.
Өлкөнүн ички иштер министри Данило Шаранович тургундарды муктаждык болбосо үйдөн чыкпай турууга чакырып, полиция шектүүнү кармоо операциясын жүргүзүп жаткандыгын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:04
2025-07-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.