Ошто шаарындагы борбордук базар жакында жабылат
20-январдан тарта Ош шаарынын А.Навои көчөсүндө жайгашкан борбордук базары жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган базарда электр энергиясы, таза суу жана башка коммуналдык тейлөөлөр токтотулат. Учурда базардын ордуна эс алуу багын куруу долбоору даярдалууда.
"Ага чейин курулуштарды жана соода түйүндөрдү алып салуу, көчүрүү, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, долбоорду ишке ашырууга даярдыктар көрүлөт.
Белгиленген мөөнөткө чейин Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык борбордук базарга көчүп чыгууңуздарды өтүнөбүз", - деп мэрия соодагерлерге кайрылды.
03.12.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
2:41
2025-07-02
0:26
2025-07-02

23:45
2025-07-01

22:42
2025-07-01

20:55
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.