Бишкекте 14 жаштагы Ислам Мамырканов дайынсыз болууда
Бишкекте 14 жаштагы Ислам Мамырканов дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал 28-декабрда 16:30 чамасында Аламүдүн 1 кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы кара, кыска, арыкчырай дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: көк күрмө, боз спорттук шым, кара түстөгү бут кийим.
Ислам Мамырканов тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кайрылып койсо болот: 0 (708) 87-71-11, 0 (557) 11-94-10, 0 (703) 01-00-02 жана 102.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.