"Замандаш-Современник" партиясы бүгүн түштөн кийин Бишкек шаардык мэрлигине талапкерин аныктайт
Бүгүн, 8-январда "Замандаш-Современник" партиясынын отуруму өтөт. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматчысы Константин Конкин SUPER.KG порталына билдирди.
“Партиянын отуруму саат 12де башталат. Иш-чаранын негизги максаты – бул Бишкек шаардык мэрлигине талапкерди аныктоо”,- деп кошумчалады Конкин.
Эскерте кетсек, учурда Бишкектин мэрлигине бир эле талапкер белгилүү. КСДП партиясы Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин сунуштады. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

