Бишкектеги Аламүдүн дарыясы тазаланды
Бишкек шаарынан агып өтүүчү Аламүдүн дарыясы тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Кечээ, 4-январь күнү тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 4 эксковатор, жергиликтүү бийлик тарабынан 2 эксковатор жана 12 ХОВО жүк ташуучу унаа тартылган.
Белгилей кетсек, кыш мезгилинде муз тоңуп, суу ташкынын алдын алуу максатында Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо 2024-жылдын 27-декабрь күнү башталган. Кечээ, 4-январь күнү ӨКМге белгиленген тилкелер тазаланып, аягына чыкты.
Механикалык тазалоо ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгы жана Бишкек шаардык Мэриясынын атайы кызматтары тарабынан жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.