super.kg logo

Бишкектин четиндеги жаңы стадион качан ачылары белгилүү болду

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарына жакын жердеги футбол стадионунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинети маалымдады.

Адылбек Касымалиевге жүрүп жаткан курулуш иштери тууралуу айтып беришип, бардык процесстер өз убагында жүрүп жатканын белгилешкен.

Адылбек Касымалиев объектти курууда бардык сапат жана коопсуздук стандарттарын сактоонун, долбоордун өз убагында бүткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, стадион футбол командалары үчүн гана эмес, күйөрмандар үчүн да маанилүү объект болуп каларын кошумчалаган.

"Иш кадимкидей уланууда. Стадиондун курулушу экологиялык жана заманбап технологиялык стандарттарды эске алуу менен жүргүзүлүүдө.

Объект белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүп, келерки жылы ишке кирүүсү күтүлүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары Министрлер кабинетинин башчысы жаңы "Ош базарынын" курулушунун жүрүшү менен таанышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: