super.kg logo

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү боюнча тескемеге кол койду.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, уюштуруу комитетинин төрагасы болуп Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дайындалды.

Уюштуруу комитетине төмөнкүлөр тапшырылды:

– VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча ведомстволор аралык иш-планды иштеп чыгуу жана бекитүү;

– спорттук бөлүк боюнча оюндар жөнүндө эрежелерди жана жобону бекитүү;

– пландаштырылган иш-чаралардын негизинде чыгымдардын сметасын түзүү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу, сактоо жана өнүктүрүү үчүн багытталган Кыргызстандын масштабдуу эл аралык долбоору.

2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөн. Ал эми 2022 жана 2024-жылдары Түркияда жана Казакстанда уюштурулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: