super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айтты  

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-январда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге Тибеттеги жер титирөөдөн улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

"Кытай Эл Республикасынын Тибет автоном районунда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм. Ушул оор мезгилде биз орду толгус жоготуунун азабын бөлүшөбүз", - деп айтылат телеграммада.

Соңку маалыматтарга ылайык, Кытайдын түштүк-батышындагы Тибет автономиялуу районунда болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 95ке, ал эми жабыркагандардын саны 130га жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: