Ош шаарына мэр болууга Курманбек Бакиевдин мурдагы санаалашы ат салышууда

Ош шаарынын
мэрлигине качкын президент Курманбек Бакиевдин мурдагы санаалашы ат салышканы
жатат. Белгилүү болгондой, Ош шаардык кеңешиндеги коалициялык көпчүлүк “Замандаш-Современник”
фракциясынын депутаты Айтмамат Кадырбаевди (сүрөттө) шаар башчылыгына талапкер кылып
чыгарды.
Автор: Автандил Добулбеков
Айтмамат
Кадырбаев 2010-жылдагы Апрель окуясына чейин Курманбек Бакиевдин командасында
иштеген. Оштогу темир-бетон каражаттарын чыгарган заводдун башчысы, 2007-жылы
Ош облусунун губернаторунун орун басары болгон. 2010-жылдын
13-майында Бакиевдин тарапташтары менен обладминистрацияны басып алып, “элдик
губернатор” аталган. 2012-жылдын март айында Ош жана Жалал-Абад шаарларын
калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысынын биринчи орун
басары болуп дайындалган.
Эскерте
кетсек, Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларын шайлоо 15-январда өтөт. Бүгүн,
8-январда, саат 18:00дө талапкерлерди каттоо аяктайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

