Лос-Анжелестеги өрттүн болжолдуу чыгымы айтылды
Лос-Анжелестеги токойдон чыккан өрттүн болжолдуу чыгымы 50 миллиард доллар болушу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда кабарланды.
"Өрттөн күтүлгөн экономикалык зыян кечээтен бери эки эсеге көбөйүп, 50 миллиард долларга жакындады" деп жазылган анда.
Белгилей кетсек, АКШнын Калифорния штатынын бийлиги Лос-Анжелестин батыш тарабындагы кээ бир аймактарды каптаган токой өртүнөн улам өзгөчө кырдаал жарыялаган. Муну менен катар 30 миңдей адам эвакуацияланган. Өрттөн улам 5 адам каза болгону маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
1:54
2025-07-02

21:12
2025-07-01
20:26
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.