Бишкек мэрлигине “Республика” фракциясы талапкер тандай элек
Бишкек шаарынын мэрлигине шаардык кеңештеги “Республика” фракциясы азырынча талапкер тандай элек. Муну бүгүн, 8-январда аталган фракциянын депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди. “Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бүгүн фракциянын жыйынтыктоочу отуруму болуп, анда талапкер тандалат”,- деп билдирди ал.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын башчылыгына азырынча бир гана талапкердин аты аталды. Ал КСДП фракциясынан Кубанычбек Кулматов (учурда Чүй облусунун башчысы).
Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларын шайлоо 15-январда өтөт. Талапкерлердин документтерин кабыл алуу бүгүн, 8-январда аяктайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

