Өлкөдөгү ашуулардагы абал жана чектөөлөр боюнча маалымат
Бүгүн, 10-январга караган түнү саат 00:10до "Сосновка" постунда (Төө-Ашуу) оор жүк ташуучу унааларга карата киргизилген убактылуу чектөө эртең менен саат 09:00дө алынды. Ал эми Бишкек-Ош унаа жолундагы "Арал" постундагы (Ала-Бел ашуусу) чектөө азырынча күчүндө. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
Мындан тышкары Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол–Эңилчек унаа жолуна киргизилген убактылуу чектөө абал турукташкандыгына байланыштуу алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:20
2025-07-05
13:41
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.