super.kg logo

Илон Маск Лос-Анжелестеги өрткө жергиликтүү бийликти айыптады

 

Америкалык ишкер, Space X жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарындагы токойлорду каптаган өрт боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу ал Х социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Анда ал токтойдогу өрттүн тутанып жатканына климаттын өзгөрүшүнүн таасири болуп жатканын айтып, бирок жергиликтүү бийликтин дагы катачылыктары бар экенин жазган.

"Климаттын өзгөрүшү таасир берген болсо, анда Калифорниядан эки эсе чоң болгон Техас штатындагы үйлөрдү кыйраткан өрт эки эсе көп болмок. Климаттын өзгөрүшү таасир берип жатат, бирок өтө аз. Лос-Анжелестеги өрттүн өчпөй жатканына техникалардын жетишсиздиги жана запастагы суунун аздыгы, жергиликтүү бийликтин начар башкаруусу себеп болууда", - деп билдирүү калтырган ал.

Эске салсак, 7-январь күнү Калифорниянын түштүк бөлүгүндө токой өрттөрү жайылган. Метеорологдордун айтымында, штатта токойдон чыккан өрт катуу шамалдан улам күч алып, калктуу конуштарга өткөн. Анын айынан миңдеген имараттар күйүп кетсе, 180 миңдей адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. 370 миң адам электр жарыгысыз калган. Ал арада президент Жо Байден өзгөчө кырдаал жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: