super.kg logo

"Жигитчилик болбой калыптыр". Нурзат Токтосунова интернетке тараган видео боюнча үн катты

 

Милициянын кайгуул кызматы тарабынан Бишкек мэриясынын алдында жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулдар салынып, протоколдор толтурулду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы видео жүктөп, маалымат таратты.

Эреже бузган айдоочулардын арасында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, алып баруучу Нурзат Токтосунова дагы болгон. Тартылган видеодо инспектор Мирлан Таалайбеков Токтосуновага коопсуздук куру жок унаа айдаганы үчүн айып пул салынарын айтып, документтерин сураган.

"Мен мэриянын депутатымын, мына менин күбөлүгүм", - деген Нурзат Токтосунова.

"Мен сизден айдоочулук күбөлүк сурап жатам", - деген инспектор.

Ал эми аталган окуя боюнча Нурзат Токтосунова Инстаграм баракчысында үн катып, эмне себептен эреже бузуу болгонун түшүндүрүп берген.

"Биринчиден, инспектор тарабынан жигитчилик болбой калыптыр. Себеби камера тартканга чейинки менден сурагандары тартылбаптыр. Ооба, мен туура эмес кылдым, унаа токтогонго чейин курду албашым керек эле. Бирок мен курду унаа токтотуучу жайга киргенде чечкен элем. Аман эле болсун ошол жигит", - деп билдирүү кылган Токтосунова.






Нурзат Токтосунова

Милициянын кайгуул кызматы тараткан видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: