super.kg logo

Салык кызматынын борбордук аппаратындагы жазалоочу түзүм жоюлду. Эми ири бизнести аймактагылар текшерет

 
Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ведомствонун борбордук аппаратынын жаңы түзүмүн бекитти. Анын негизинде борбордук аппараттагы жазалоочу түзүм жоюлду. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, борбордук аппараттын текшерүү башкармалыгынын функциясы кыскарды. Башкармалык негизинен буга чейин иштин мындай абалына нааразы болуп келген ири бизнеске карата көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүп келген.
"Эми Салык кызматынын борбордук аппараты көчмө текшерүүлөрдү жүргүзбөйт. Текшерүү башкармалыгы пландаштыруу, тобокелдиктерди талдоо жана баалоо, отчёттуулукту түзүү, мониторинг жана методология менен гана алектенет.
Бекитилген планга ылайык текшерүүлөрдү аймактык салык органдары гана жүргүзөт. Алардын иш-аракеттерин көзөмөлдөө оңой, андыктан ал жердеги коррупциялык аракеттер дээрлик жокко эсе болот.
Эксперттер Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери тарабынан көчмө текшерүү жүргүзүүнү жокко чыгаруу бюджетке келип түшүүлөргө оң таасирин тийгизет деп эсептешет", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: