super.kg logo
  Саясат  

"Мэриянын шымы да калбайт". Балбак Түлөбаев Бишкектеги ыштан арылуунун үч жолун атады (видео)

 

Бүгүн, 20-январдагы Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Бишкек шаарындагы ыштан арылуунун үч негизги жолу бар экенин айтты.

Эл өкүлү "Кара-Кеченин" көмүрүн колдонуудан баш тартуу, унааларда катализаторлордун болуусун көзөмөлгө алуу, шаарды толук газдаштыруу аркылуу маселе чечилерин билдирди.

"Биринчиден, "Кара-Кеченин" көмүрүн киргизбейсиңер. Төрт районго төрт кампа саласыңар дагы "Шабыркүлгө" окшогон зыянсыздандырылган көмүрдү алып келип, капка салып туруп сатасыңар. Мындан 30-40 пайыз ыш жоголот. Мына үч жылдан бери Кант цемент заводуна алыңар келбей жатат. Андан чыккан түтүн түздөн-түз Бишкекке келип ууландырып жатат. Жакында көрдүм, кытайлар катализаторлорду алып келип жатыптыр. Ошолорду койдуруш керек. Аны унааларга койдурсаңар дагы 30 пайыз азаят. Анан "Газпром" менен иштешиш керек. "Газпром" кышкы тариф коюп берсе, баарыбыз газга "шыгырап" өтүп беребиз. Беришпейби, анда өкмөт, башка компания менен сүйлөшкүлө. Азербайжан, Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан менен сүйлөшөлү. Башка айлабыз жок, "Газпром", бизди туура түшүнгүлө. Азыр мэрия ЖЭБди газга өткөрө турган болсо, мэриянын эч нерсеси калбай калат. Керек болсо шымы дагы калбай калат", - деди Түлөбаев.

Айта кетсек, бүгүнкү тармактык комитеттин отурумунда "Ыш менен байланышкан экологиялык абал жөнүндө" парламенттин 2023-жылдагы токтомунун аткарылышы тууралуу маалыматтык угуу болду. Анда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Бишкекте абанын сапаты мурунку жылдарга салыштырмалуу жакшырганын айтты.






Жогорку Кеңеш 20.01.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: