super.kg logo

ӨКМ: Өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

 

22-23-январь күндөрү Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалымдалгандай, абанын температурасы төмөндөп, айрым жерлерде туман түшөт. Республиканын түштүк аймактарында зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

23-25-январда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20°, түндүгүндө -19…-24°, күндүз -4…-9°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, Кара-Буура районунда -17…-22°, күндүз -6…-11°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10 градус болот.

Өлкөнүн тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -18…-23°, күндүз -7…-12°, тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -15…-20° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -31…-36°, күндүз -15…-20° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: