super.kg logo

ТИМ: Түркиядагы лыжа базасындагы өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок 

 

Түркиянын Болу провинциясында жайгашкан Карталкая лыжа базасындагы мейманканадан чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги маалыматты жергиликтүү расмий органдардан тактаган.

"Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматына ылайык, учурда имараттын жогорку кабаттарындагы өрттү жоюу иштери жүрүп жатат, ошондой эле каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок", - деп билдирди ТИМ.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-январда Карталкая лыжа базасындагы мейманканадан өрт чыгып, андан 6 адам каза болгону айтылган. Учурда каза болгондордун саны 10го жетти, ошондой эле дагы 32 адам жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: