super.kg logo
  Саясат  

"Военно-Антоновка – Кожомкул". Садыр Жапаров дагы бир нече айылдын атын өзгөрттү. Кайсы айылдар? (тизме)

 

Президент Садыр Жапаров "Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мыйзам 2024-жылдын 5-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Говсувар айылын Орто-Боз, Лейлек районунун Раззаков шаарынын Чимген айылын Чымкен жана Голбо айылын Алтын-Бешик, Тогуз-Булак айыл аймагынын Маданият айылын Айбике, Кыргызстандын 50 жылдыгы айылын Миң-Жыгач, Чапаев айылын Арча-Бешик, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылын Чоко-Бий, Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагын Эсеналы Дайракунов айыл аймагы, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагын Рыспай Абдыкадыров айыл аймагы, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Киров айылын Кенжебай, Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагынын Куру-Маймак айылын Сатыкей, Покровка айыл аймагын Семетей айыл аймагы, Покровка айылын Семетей, Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айыл аймагынын Новомихайловка айылын Бообек, Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагын Кожомкул айыл аймагы, Военно-Антоновка айылын Кожомкул, Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл аймагынын Горная Серафимовка айылын Кебек-Бий айылы деп кайра атоо каралган.

Жогоруда аталган айыл аймактардын жана айылдардын аталыштарын кайра атоо боюнча чечимдер жергиликтүү жашоочулардын жыйынында кабыл алынып, тиешелүү жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдери жана президенттин Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тескемелери менен жактырылган.

Мыйзам “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” жана “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык даярдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: