super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл облусуна жетекчи болгон Бакытбек Жетигеновдун өмүр баяны

 

Бүгүн, 23-январда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Бакытбек Жетигенов дайындалды. Ал бул күнгө чейин Ош шаарынын мэри кызматын аркалап келген.

Тиешелүү тескемелерге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Бакытбек Жетигенов 1966-жылы 30-майда Чүй облусунун Чүй районундагы Сайлык айылында төрөлгөн.

1984-1986-жылдары армияда кызмат өтөгөн.

1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун машыктыруучу-мугалим адистиги боюнча аяктаган.
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

2010–2015-жылдары Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015–2021-жылдары Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
2022-жылдын 28-ноябрынан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: