super.kg logo

Элдик Банк: Топтомо ипотека аркылуу жеткиликтүү турак жай

 

Элдик Банк, жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууну жигердүү колдоо менен, Кыргызстандагы алдыңкы финансылык мекме катары өз позициясын бекемдөөдө.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси аркылуу Мамлекеттик Ипотекалык Компания (МИК) менен биргеликте иштелип чыккан «Топтомо ипотека» уникалдуу социалдык программасы Банктын негизги артыкчылыктарынын бири болуп калды. Бүгүн, 23-январда, Банк Бишкек шаарында программанын бет ачарын өткөрүп, анда алгачкы жыйынтыктарды жана аны мындан ары ишке ашыруу пландарын көрсөттү.

«Топтомо ипотека» кредити өлкөбүздө жашаган, ошондой эле, чет өлкөдө иштеп жатышкан Кыргызстандын жарандарын эң ыңгайлуу шарттарда жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоо максатында иштелип чыккан.

Анын негизги артыкчылыктарынын бири – кепилдик камсыздоонун жана кирешени тастыктаган документтерди тапшыруунун зарылдыгы жоктугу.

2024-жылы Элдик Банк жана “МИК” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү иштерин жүргүзүшүп, натыйжада, аталган долбоорду ишке ашыра баштоого мүмкүндүк берди.

«Топтомо ипотека» механизмине ылайык, программанын катышуучусу мүлктүн наркынын 30% өлчөмүндө баштапкы төлөмдү (салымды) Элдик Банкта топтойт. Алып карасак, 2025-жылдын башына карата 200 ашык эсеп ачылган.

Андан ары Банк жаранга күрөө менен камсыздалбаган турак-жайдын наркынын 20% өлчөмүндө 5 жылга жылдык 10% менен жеңилдетилген кредит берет. Мындай кредитти ала турган жаран калган 50%ын Мамлекеттик Ипотелкалык Компаниядан жылдык 8% менен 15 жылга алат. Эсептерине тиешелүү сумманы топтогон алгачкы 5 кардар каржылоону алышканын белгилеп кетебиз.

- Топтомо ипотека – бул ар бир кыргызстандыктын өз турак-жайына ээ болуусу үчүн чыныгы мүмкүнчүлүк. Бүгүнкү иш-чара, адамдардын келечегин курууга жардам берүү менен, биз туура багытта бара жатканыбызды көрсөттү. Биз бардык жарандарга, анын ичинде, биздин өлкөбүздөн тышкары иштеп жаткандарга дагы жеткиликтүү шарттарды сунуштай алганыбызга сыймыктанабыз, - деп билдирди «Элдик Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев, аталган программанын маанилүү экендигин баса белгилей.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: