super.kg logo
  Саясат  

“Замандаш-Современник” фракциясы Бишкек мэрлигине талапкер чыгарбайт

 

Бишкек шаардык кеңешиндеги “Замандаш-Современник” фракциясы мэр шайлоого талапкер чыгарбайт. Мындай чечим фракциянын 8-январдагы жыйынында кабыл алынды. Фракциянын депутаттары шаардык кеңештеги КСДП фракциясынын аракетине нааразы. Алардын ою боюнча, КСДПнын депутаттары Кубанычбек Кулматовду мэрликке талапкер кылып чыгаруудан мурда коалициялык көпчүлүк менен алдын ала сүйлөшүү жүргүзүшү керек болчу.

Бишкек шаардык кеңешинде КСДП фракциясында 21, “Ата Мекен” фракциясында 7, “Республика” фракциясында 11, “Замандаш-Современник” фракциясында 6 мандат бар. Мэр болчу талапкер кеминде 23 добуш алышы шарт. 

Эскерте кетсек, талапкерлердин документтерин кабыл алуу бүгүн аяктап, шайлоо 15-январда өтмөкчү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: