super.kg logo
  Саясат  

Сауд Арабия “Манас” аэропортундагы логистикалык борбордун курулушун каржылоого даяр

 
Бүгүн, 8-январда журналисттер менен жолугушууда Сауд Арабиядагы Кыргызстандын элчиси Жусупбек Шарипов “Манас” аэропортуна жакын жерде Сауд Арабия менен биргеликте логистикалык борбордун ачылышы пландалууда” деп билдирди. 
Анын айтымында, аталган долбоорду ишке ашыруу КРнын Айыл чарба министрлигинин жетекчилеринин айынан улам кийинкиге жылдырылууда. 
“Айыл чарба министрлиги Чүй облусунун аймагынан 50 гектар жерди бөлүп берүү боюнча убада берген. Маселе жакынкы күндө чечилет деп ишенебиз. Алгач 5 гектар алууну көздөп жатабыз. Талап боюнча логистикалык борбор “Манас” аэропортунан 50 чакырым алыстыктагы радиуста жайгашуусу керек”,- деди Жусупбек Шарипов. 
Элчи аталган борбор аркылуу Кыргызстан бир гана Сауд Арабиясынан эмес, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн айыл чарба продукцияларын импорттоого мүмкүнчүлүк аларын кошумчалады.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: