super.kg logo
  Саясат  

П.Дидди жалган маалымат тараткандардан 50 миллион доллар өндүрүүнү көздөп, сотко кайрылды

 

П.Дидди деген ат менен белгилүү болгон америкалык рэпер Шон Комбс Кортни Берджесске, адвокат Ариэл Митчеллге жана NewsNation телеканалынын башкы компаниясы Nextstar Media Group'ка каршы сотко кайрылды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, музыканттын жактоочуларынын айтымында, айыпталуучулар каржылык пайда көрүү максатында рэперге каршы атайлап жалган билдирүүлөрдү жасап, күчөтүшкөн. Арызда мындай билдирүүлөр Комбско каржылык жактан жана репутациясына зыян келтирилгени айтылат.

Рэпер жалган жалаа үчүн айыпталуучулардан 50 миллион доллар өндүрмөкчү.

Белгилей кетсек, 55 жаштагы рэпер учурда Бруклиндеги тергөө абагында сот ишин күтүп жатат, бирок ал бардык айыптарды четке кагууда.

Эске сала кетсек, П.Дидди педофилия жана сойкулукту уюштурган деп айыпталып, анын “кардарларынын” арасында көптөгөн атактуу жылдыздар бар экендиги айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: