super.kg logo

Бишкектеги батирдеги жарылуу: 62 жаштагы аял көз жумду

 
Бишкектин Көк-Жар конушундагы газ жарылган үйдө жабыркаган 62 жаштагы аял көз жумду. Бул тууралуу Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков кечээ, 25-январда тастыктаганын "Спутник" маалымат агенттиги жазды.
Анын айтымында, аялдын денесинин 60-70 пайызы күйүп, ооруканага оор абалда түшкөн. Бейтап дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Тилекке каршы, эртеси күнү каза болгон.
Кырсыктан аялдын 38 жаштагы кызы дагы жабыркаган. Кубатбеков анын бети-колу күйгөнүн, учурда ооруканада дарыланып жатканын кошумчалады. Абалы туруктуу.
Эске салсак, кырсык 19-январда Көк-Жар конушунун Сейтек көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде болгон. Жарылуудан 62 жаштагы апасы жана 38 жаштагы кызы жабыркаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: