super.kg logo
  Саясат  

Жусупбек Шарипов: "Арабиялык 5 ири донорлор менен тегерек стол өткөрүү сунушталды"

 
Кыргызстандык дипломаттар арабиялык ири фонддор (Сауд жана Абу-Дабий өнүктүрүү фонду, Ислам өнүктүрүү банкы, Кувейт экономикалык өнүктүрүү жана ОПЕК фонду) менен экинчи тегерек стол өткөрүүнү сунушташты. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда  Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Жусупбек Шарипов билдирди. 
Анын айтымында, 2009-жылы Кыргызстандын элчилиги Арабияда биринчи тегерек стол өткөргөн жана анда 672 миллион долларлык долбоор кабыл алынган. Анын ичинде Бишкек-Нарын-Торугарт жан Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолдорун оңдоо да каралган. 
“Кыргызстан экинчи тегерек столду өткөрүү тууралуу арыз берди. Эртең фонддордун өкүлдөрү карап, жооп беришет”,- деди Жусупбек Шарипов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: