super.kg logo
  Саясат  

Жогорку окуу жайларда окутууну кыргыз тилинде жүргүзүү каралууда

 

Жогорку окуу жайларда билим берүүнү мамлекеттик тилде жүргүзүү маселеси каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев парламентте билдирди.

Ал ЖОЖдордо окутууну кыргыз тилине өткөрүү маселеси күн тартибинде турганын белгиледи.

"Жогорку окуу жайларында окутуу тили негизинен расмий тилде жүргүзүлүп жатат. Окуу жайды расмий тилде аяктагандар кийин мамлекеттик кызматка келгенде кыргыз тилин өздөштүрүүдө бир топ кыйынчылыктарга тушугуп жатышат. Себеби орус тилинде окуп, кесиптик тили расмий тил болуп калганы үчүн мамлекеттик кызматка келгенде кыргыз тилинен аксап калып жатышат.

Мектептерде балдарды бир нече тилде окутуу программасы бар. Ошону эле ЖОЖдорго да киргизүүнү сунуштап жатабыз. Эгер бул маселеге көңүл бурулбаса, мамлекеттик кызматта кыргыз тилин билүү талабы ошол боюнча кала берет", - деди Мураталиев.






Жогорку Кеңеш 28.01.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: