super.kg logo
  Саясат  

Ош шаардык кеңешинин мурунку төрагасы Таалай Сабиров: "Ошто эмне болуп жаткандыгы тууралуу маалыматым жок"

 

Бүгүн, 8-январда Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын кезексиз жыйыны болуп, анда Ош шаардык кеңешинин төрагасы болуп “Республика” фракциясынын депутаты Улан Примов шайланды. Шайлоого коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялардан 23 депутат катышты. Ал эми оппозициялык "Улуттар биримдиги" жана КЭДП фракциялары жыйынга катышкан жок. 

Бул тууралуу “Улуттар биримдиги” фракциясынын депутаты Таалай Сабировго байланышка чыкканыбызда ал: "Мен Бишкектемин. Баарын өткөрүп бергенмин. Азыркы учурда ал жакта эмне болуп жаткандыгы тууралуу кабарым жок . Жаңы жумушка өткөндүгүмө байланыштуу арыз жазып бергенмин" деп билдирди. Ошондой эле ал төраганы шайлоо боюнча болгон жыйынга "Улуттар биримдиги" фракциясынын толук курамы менен катышпай калгандыгы тууралуу эч нерсе айта албастыгын кошумчалады.

Эске салсак, Ош шаардык кеңешинин мурунку төрагасы, «Улуттар биримдиги» фракциясынын депутаты 2013-жылдын 30-декабрында КРнын Өкмөт башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп дайындалып, төрагалыктан бошотулган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: