Бишкекте коомдук транспорттун кызмат көрсөтүү маданияты текшерилүүдө




"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы транспорт кызматтарынын сапатын жакшыртуу максатында рейддерди өткөрүүдө. Бул туурасында бүгүн, 29-январда мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, автобустардын аялдамаларда туура токтоосу, транспорттун санитардык абалы, айдоочулардын кызматтык атайын формасы жана жүргүнчүлөрдүн жол кире төлөөсү боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
"Бул рейддик иш-чаралар кызмат көрсөтүү маданиятын жогорулатуу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн уюштурулган. Текшерүүнүн жүрүшүндө эрежелерди бузган жана кызматтык форма кийбеген айдоочуларга актылар түзүлдү. Эгерде мыйзам бузуулар улана берсе, аларга карата тиешелүү чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, борбордогу мындай иш-чаралар ар аптанын шейшемби, бейшемби жана жума күндөрү өткөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.