Бишкек шаардык кеңешинин айрым депутаттары шайлоону түз алып көрсөтүүнү суранып жатышат
Бишкек шаардык кеңешинин айрым депутаттары Борбордук шайлоо комиссиясынан шаар мэрин шайлоону интернет аркылуу түз алып көрсөтүүнү суранып жатышат. Депутаттар “мындай нерсе шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө, шаар тургундарынын талапкерлер жана алардын программасы жөнүндө маалыматтарды билүүгө жол ачат” деген ойдо. “Талапкерлер кандай программа менен кызматка аттанып жатышат? Суроолорго кандай жооп беришти? Шаар тургундары баарынан маалыматта болуп турушу керек”,- деп кошумчалады Бишкек шаардык кеңештин депутаты Элвира Сариева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

