super.kg logo

"Кеңеш" тобунун негиздөөчүсү, ырчы Мүзүр Мамбетов 48 жашка толду 

 

Бүгүн, 30-январь "Кеңеш" тобунун негиздөөчүсү, ырчы Мүзүр Мамбетовдун туулган күнү. Ал бул жылы 48 жашка толду.

Ырчы мырзанын туулган күнүн куттуктап жубайы, "Кеңеш" тобунун ырчысы Гүлмира Шарипова Инстаграмдагы баракчасына куттуктоо сөзүн жазды.

"Аллахтын амири менен атабыз 48 жашка толду. Ден соолугуң бекем болуп, эл кызматында жүрө бер", - деп билдирүү калтырган жубайы.

Мүзүр Мамбетов 1977-жылы 30-январда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында туулган. Ал бала кезинен эле музыкага жакын болуп, ырчы болууну кыялданган. Жердеш агасы Чубак Сатаевдин бардык ырларын жатка билип, анын ырларына таасирленген. Ушундан улам мектепти бүткөн соң "Кеңеш" тобун түзгөн. 6-7-класстарда эле аккордеон тартып баштаган болочоктогу ырчы айылда майрамдарда дайыма ырдап жүрүп чоңойгон.

Ырчы мырза маектеринин биринде "Кеңеш" тобу атасынын ысымынан аталганын айтып өткөн. Би­рок эң алгач түзүлгөн топ ар кандай көйгөйлөргө байланыштуу таркап кеткен. Кийин Бишкекке келип, кафелердин биринде иштеп чыгармачыл адамдар менен таанышып, тараган топту кайрадан түзүүгө киришкен. Элге алгач жубайы экөөнүн аткаруусундагы "Нике кайып" ыры менен таанылган.

"1998-жылы атам Кеңешбек каза болуп калгандан кийин анын ысымына ыйгарып топ түзгөм. Айылдын балдарынан куралган бул топ 2 жылдай гана иштеди. Кийин 2008-жылы жубайым Гүлмира Шарипова менен кайрадан "Кеңеш" тобун түзүп, ырдай баштадык", - деген ырчы.

Эске салсак, Мүзүр Мамбетов жана анын жубайы Гүлмира Шариповадан түзүлгөн "Кеңеш" тобу "Кызыл гүл", "Нике кайып", "Карагат", "Сирень гүлү", "Ак жамгыр" жана башка чыгармалары менен элге белгилүү. Учурда түгөйлөр бир уул, бир кызды тарбиялап, өстүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.01.2025. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
30.01.2025. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган күнүңүз менен сизге Ден соолук Узун өмүр каалайм,бар болуңуз Бай болуңуз.көп жашаңыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: