super.kg logo
  Саясат  

Шайлообек Атазовдун соту белгисиз себептерден улам жылууда

 
Ш.Атазовду жактоочулардын негизги бөлүгүн аксакалдар менен спортчулар түздү
Ош облустук сотунун имаратынын астына орган кызматкерлери коюлду
Эртең менен саат 10:00дө чогулган эл, "жыйынтыкты укмайынча кетпейбиз" дешүүдө

Ош шаардык кеңешинин депутаты Шайлообек Атазовдун иши бүгүн Ош облустук сотунда эртең мененки саат 10:00дө каралмак. Эртең менен эрте Ош облустук сотунун алдына Ш.Атазовдун 100дөн ашуун жактоочусу келген. Белгисиз себептерден улам иш процесси саат 14:00гө жылдырылган болчу. 

Саат 14:00дө боло турган соттук отурумга Шайлообек Атазов келген жок. Анын себебин жактоочусу Авазбек Мирзаев ден соолугу начарлап ооруканада жаткандыгын айтып түшүндүрдү. Жыйынтыгында "Атазовду дарылап жаткан дарыгер сотко келип түшүндүрмө берсин" деген чечим менен сот процесси 16:30да улана турган болду. 

Сот ачык деп жарыяланганы менен, судьялар журналисттердин соттук отурумга катышуусуна уруксат бербей жатышат.

Эске салсак, 2013-жылдын 29-ноябрында Ош шаардык соту шаардык кеңештин "Улуттар биримдиги" фракциясынын депутаты, шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы, кикбоксинг боюнча дүйнөнүн жана Кыргызстандын 5 жолку чемпиону  Шайлообек Атазовду 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Ага өзү жетектеген ишкананын мурунку жетекчиси чыгарган чечимди аткаргандыгы үчүн айып тагышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: