super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көлдөгү аты жок тоо чокусуна “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген географиялык аталыш ыйгарылды 

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын тоо массивинде орун алган аты жок чокуга “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги аты жок чокуну БУУнун аталышын ыйгаруу тууралуу мыйзам 2024-жылдын 25-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен кызматташтыкты бекемдөө жана андан ары өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.

Кыргызстан БУУга көз карандысыз мамлекет катары БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын негизинде 1992-жылдын 2-мартында кирген.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: