Ош: Мэрликке талапкер Айтмамат Кадырбаев кыргыз тили боюнча сынак тапшырды
Ош шаарынын мэрлигине талапкер Айтмамат Кадырбаев бүгүн, 8-январда кыргыз тили боюнча сынак тапшырды. Талапкер шайлоо алдындагы программасын жазуу жүзүндө баяндап, Ч.Айтматовдун чыгармасынан үзүндү окуп берди. Жыйынтыгында комиссиянын 7 мүчөсү тең Кадырбаевди “кыргыз тилин билет” деп тапты.
Эскерте кетсек, Кадырбаев шаардык кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн атынан шайлоого аттанууда. Ал эми оппозициядан Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов шайлоого катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

