super.kg logo

Бишкекте кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүү боюнча жыйын өттү

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тиешелүү ведомстволордун жана спорттук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өлкөдө кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү. Юул тууралуу министрлер кабинети маалымдады.

Жыйындын жүрүшүндө Кытайдын Харбин шаарында өтө турган IX кышкы Азия оюндарына катышуу үчүн улуттук курама команданы даярдоо, ошондой эле кышкы спортту, туризм тармагын туруктуу өнүктүрүү жана кадрларды даярдоо үчүн стратегиялык багыттар талкууланды.

Өзгөчө лыжа базаларына жакын жайгашкан калктуу конуштардагы мектептердин дене тарбия программаларына тоо лыжасын киргизүү зарылдыгына көңүл бурулду. Ушуга байланыштуу Балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектептеринде тоо лыжасы жана кышкы спорттун башка түрлөрү боюнча атайын бир катар атайын секцияларды түзүү чечими кабыл алынды.

Байсалов Кыргызстанда лыжа базаларын, сноуборд жана альпинизмди өнүктүрүү үчүн уникалдуу жаратылыш шарттары бар экенин айтып, бул багытта президент Садыр Жапаровдун “Үч чоку” сыяктуу жаңы лыжа базаларын куруу демилгесин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ал иш спортчуларды, туристтерди жана жаштарды тартуу борборуна айланышы керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын иштеп чыгуу тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырылды, анда профессионалдык жана массалык спортту колдоо, спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, машыктыруучуларды даярдоо, кышкы туризм тармагына инвестиция тартуу боюнча иш-чаралар иштелип чыгышы керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: