Жантөрө Сатыбалдиев: "Өлкөнүн биримдиктерге кирүүсү Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгына жооп бериши керек"
Бүгүн, 8-январда КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусунда өкмөттүк аппараттын чогулушу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Анда өкмөт башчы 2013-жылдын жыйынтыгына токтолуп, вице-премьер-министрлер менен өкмөттүк аппараттын өкүлдөрүнө 2014-жылда аткарылуучу иштер тууралуу айтты.
Анын айтымында, 2014-жылы Кыргызстан үчүн приоритеттүү багыттардын бири Бажы биримдигине кирүү болуп эсептелет. Премьер-министр "Эгерде биримдиктерге кирүү өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарына жооп берсе, анда Кыргызстан каалаган биримдикке кирет" деп баса белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

