Ош шаарынын мэрлигине талапкер Айтмамат Кадырбаев: "Сынактын жүрүшүндө менде эч кандай коркуу сезими болгон жок"
Ош шаарынын мэрлигине талапкер Айтмамат Кадырбаев бүгүн, 8-январда кыргыз тили боюнча сынак тапшырып, комиссия мүчөлөрүнүн мыкты баасына арзыды.
Сынактан соң Айтмамат Кадырбаевге "Өзүңүзгө кандай баа бердиңиз?" деген суроо узатсам, ал: "Кыргызстандын атуулу катары баарыбыз эне тилибизди мыкты билишибиз керек. Сынактын жүрүшүндө менде эч кандай коркуу сезими болгон жок. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасын көркөм окуп бердим",- деген жообун узатты.
Эскерте кетсек, Кадырбаев Ош шаардык кеңешиндеги коалициялык көпчүлүктүн атынан Ош шаарынын мэрлигине аттанууда. Шайлоо 15-январда болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-3

