super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев мэрлик кызматка талапкер сунуштабайт

 

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өзүнүн кызматтык укугунан пайдаланып Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлигине талапкер сунуштабайт. Муну бүгүн, 8-январда өкмөттөн билдиришти. Мындай кадамга премьер демократия жана партиялуулук системин өнүктүрүү үчүн барыптыр.

Эскерте кетсек, Ош жана Бишкек шаарларынын статусу тууралуу жаңы мыйзам боюнча, мэрликке талапкерди шаардык кеңештеги фракциялар жана өлкөнүн премьер-министри сунуштай алат. 

Бүгүн саат 18:00дө шаар башчылыгына талапкерлердин документтерин кабыл алуу токтойт. Шайлоо 15-январда өтмөкчү. Азырынча Бишкек шаарынын башчылыгына жалгыз талапкер Кубанычбек Кулматов (КСДП) сунушталды. Ал эми Ош шаарынын мэри болууга Мелис Мырзакматов ("Улуттар биримдиги") менен Айтмамат Кадырбаев (шаардык кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн атынан) ат салышканы турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: