super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев орус премьери Мишустиндин айткандарын "копол" айыптоо деп атады

 

Бүгүн, 5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустиндин кыргыз бийлиги орусиялык ишкерлерге кысым көрсөтүп жатат деген дооматын "копол" айыптоо деп атады.

Эл өкүлү Мишустинге орус ишкерлери туура эмес маалымат жеткирип коюшу мүмкүн дейт.

"Өткөн жумада өлкөбүздүн ички чарбалык маселесине орус өкмөт башчысынын реакциясы бир аз "кополураак" болуп калды. Анткени биздин өлкөдө иштеген орус компаниялары туура эмес, бурмаланган маалыматтарды берип коюшу мүмкүн. Биринчиден, Кыргызстанда бизнес ак-кара, жашыл-кызыл деп бөлүнбөйт. Орусиядан келеби, Түркияданбы, Кытайдан келеби бардыгына бирдей мамиле. Мурдагыдай криминал деген жок. Салык мыйзамына баш ий, болду, иштей бер деген тартип орногон. Ошондуктан салыкка баш ийген компаниялар жакшы эле иштеп жатышат", - деди Акаев.

Буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов да орус өкмөт башычынын дооматына жооп берип жатып, Мишустиндин айрым сөздөрү одоно болуп калды деп атаган.

Эске салсак, Михаил Мишустин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Алматыда жолукканда кыргыз бийлигин орус компанияларына кысым көрсөтүп жатат деп айыптап, аны токтотууну талап кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: