super.kg logo
  Саясат  

"Ар кандай суммадагы акча алып". Депутат жыйында шылуундар тууралуу маселе көтөрдү

 

Жогорку Кеңештин бүгүн, 5-февралдагы жыйынында депутат Бактыяр Калпаев элди алдаган шылуундарга катуу чара көрүү керектигин айтты.

Ал отурумда президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, шылуундарга алданган жарандардын саны көбөйүп жатканын билдирип, буга тез арада чара көрүү зарылдыгын белгиледи. Ошол эле маалда ал бул маселени көзөмөлгө алууну суранды.

"Бүгүнкү күндө мамлекетибизде шылуундар элдин ишенимине кирип алып, ар кандай суммадагы акчаларды алып жатышат. Бир мисал келтире кетейин, интернетте MCN COIN криптовалюта деп ачып алып, "азыр акча салсаңар 2 айда 100 миң сом болот, бир жылда 100 миң доллар болот" деп бүтүндөй Кыргызстанды кыдырып алдап жүрүшөт. Ушуларга жазаны күчөтпөсөк, эртең "урматтуу президентибиз, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич" деп кайрылууларды жасай баштайт да. Ошол себептен тез арада ушул MCN COIN сыяктуу криптовалюта деп ачып алып, элди алдап жүргөн шылуундарга катуу жаза көрүүгө чакырам", - дейт эл өкүлү.

Ошондой эле депутат аталган маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар элге кайрылуу жасашы керек деген оюн ортого салды.






05.01.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: