super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы аймактарда жарандардын кайрылуулары боюнча маселелер чечилбей жаткандыгын айтты

 

Бүгүн, 8-январда КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусунда өкмөттүк аппараттын чогулушу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анда өкмөт башчы жарандардын кайрылуусу боюнча аткарылган иштердин жетишсиздигин айтты. “Жарандардын каты, арызы жана кайрылууларына өзгөчө көңүл бурулуусу керек. Учурда бул иш бийликтин борбордогу органдарында гана ишке ашып жатат. Алыскы аймактарда, айылдарда жарандар менен иштешүү дегенди унутуп калышканбы?”,- деди премьер-министр.

Анын айтымында, аймактардагы өкүлчүлүктөр маселелерди чечүүдөгү укуктардын жетишсиздигин шылтоолоп каттарды Бишкекке жөнөтүшүүдө. Ушул маселе боюнча токтолгон өкмөт башчы “башкаруу системин жакшыртуу керек. Мен бир нече жолу жер-жерлердеги жетекчилер менен бул боюнча сүйлөшкөм. Маселелер өткөн жылы жөнгө салынса болмок. Бирок өкмөттүн тийиштүү бөлүмү бул багытта жакшы иш алып барган жок” деп кошумчалады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: