super.kg logo

Вашингтондогу авиакырсыктан набыт болгон 67 кишинин сөөгү дарыядан чыгарылды

 

Вашингтондо American Airlines авиакомпаниясынын учагы менен аскердик тик учактын кагылышынан каза болгон 67 адамдын бардыгынын сөөгү Потомак дарыясынан чыгарылды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жергиликтүү бийликке таянуу менен билдирди.

Маалыматка караганда, каза болгондордун бирөөсүнөн башкасынын өздүгү такталды. Ошондой эле учактын бир нече чоң бөлүктөрү, анын ичинде оң канаты, фюзеляждын борбордук бөлүгү жана кабинанын бир бөлүгү дарыядан чыгарылган.

29-январдын кечинде Вашингтондогу Рональд Рейган аэропортуна жакын жерде American Airlines Bombardier CRJ700 жүргүнчү учагы менен Army UH-60 Black Hawk тик учагы кагышып, андан соң Потомак дарыясына кулап түшкөн. Учак кырсыгы Ак үй менен Капитолийден беш чакырымдай түштүктө болгон. Учактын ичинде 60 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү, ал эми тик учакта үч аскер болгон.

The New York Times гезити тик учак ашыкча бийик учуп алып жүргүнчү учагын сүзгөнүн жазган. Федералдык авиациялык администрациянын алдын ала билдирүүсүнө ылайык, Вашингтон аэропортунда кырсык болгон күнү аба кыймылын көзөмөлдөөчүлөр жетишсиз болгон.

Авиакырсыктан 14 фигурист каза болгон, алардын арасында 1994-жылы Орусиянын курама командасынын курамында көркөм муз тебүү боюнча дүйнөнүн чемпиондору Вадим Наумов менен Евгения Шишкова да бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: